Ленин округундагы шайлоо жокко чыгабы?

Автор

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында жабылды. Ага ИИМ добуштарды сатып алуу боюнча шектенип, кылмыш иши козгогону айтылууда. БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов шайлоону жокко чыгаруу же, таануу боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин айтты. Дамира Ниязалиеванын жактоочусу Эрик Ирискулбеков кеңседе эки саат издөө иштери жүргөнүн, кызматкерлердин документтери менен шайлоочулардын тизмелерин алынып кеткенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Курманбек Бакиев камакка алынат

“Курманбек Бакиевди алып келели деген оюбуз жок”,- деди Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде. “Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими менен 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин […]

Сизге жагышы мүмкүн