reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Лавров менен Блинкен G20 жыйынында бири-биринен алыс отурушту

Son Güncelleme :

02 марта 2023 - 14:50

reklam
Лавров менен Блинкен G20  жыйынында бири-биринен алыс отурушту
reklam

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Индияда өткөн Чоң жыйырмалыктын министрлеринин жыйынында бири-биринен алыс отурушту.
Украинада атайын операция башталгандан бери биринчи жолу көзмө-көз жолугушканы айтылууда. Анткен менен Лавров менен Блинкен 2022-жылдын февралынан кийин көп тараптуу иш-чаралардын чегинде, Индонезиянын Бали аралында өткөн G20 тышкы иштер министрлеринин жыйынында көрүшкөн. Бирок бул жолкудай эле өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн эмес.
Делиде өтүп жаткан Чоң жыйырманын салттуу жыйынында Лавров Мексика менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлеринин жанына отурду.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, АКШ дипломатияны экинчи планга өткөрүп, дүйнөдөгү чыр-чатактын күчөшүн жактап жаткандыктан, Лавров менен Блинкендин жолугушуусу эч кандай күмөн жаратпашы керек.

reklam