reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Көп кабаттуу имараттардын сапатын текшерген комиссия түзүлдү

Son Güncelleme :

12 мая 2023 - 15:35

reklam
Көп кабаттуу имараттардын сапатын текшерген комиссия түзүлдү
reklam

Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда  тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечимди чыгарууда Түркияда болуп өткөн жер титирөөлөр, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жыла башташы, мындай табигый кубулуштардын Кыргызстандын аймагында да активдешип кетүү ыктымалы бар экени эске алынган.

Жумушчу комиссиянын курулуштарды текшерип чыгуусуна үч ай мөөнөт берилген. Анын жыйынтыгында алар Министрлер кабинетине убагынан кечиктирбестен маалымат тапшырууга тийиш.

reklam