Көз жумгандарга кылмыш козгогон мыйзам долбоор кабыл алынды

Автор

Беларус парламентинин төмөнкү  Өкүлдөр палатасы укук коргоо органдарына каза болгондорго кылмыш ишин козгоого уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.
Ага ылайык, каза болгон адамдарга карата эскирүү мөөнөтү жок кылмыштар боюнча,  мисалы, агрессивдүү согушту даярдоо же жүргүзүү, терроризм, геноцид боюнча иш козгосо болот.
Сотто каза болгон адамдын кызыкчылыгын жакындары коргой алат.  Бул үчүн алар арыз бериши керек болот.  Туугандары процесске катышуудан баш тартууну чечкен же табылбай калган учурда айыпталуучунун кызыкчылыгын  жактоочу коргойт.
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр Башкы прокуратура тарабынан даярдалган.
Мыйзам президент Александр Лукашенко кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппе тууралуу сериал тартылат

Францияда “Пари Сен-Жермен” клубунун жана Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе тууралуу сериал тартышат. Тасма 2024-жылдын августунда чыгат. Чыгармачыл тобу Килиан Мбаппе тууралуу даректүү сериалды тартууну баштады. Тасма футболчу “Пари Сен-Жерменден – Реал Мадридге” кеткен күндө да тартылат. Сериал Килиандын жаңы сезонго даярдыгы, анын клуб жана улуттук курама команда үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн