Күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттабай тургандыгы айтылды

Автор

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттабай тургандыгы айтылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы боюнча жумушчу жыйынында айтылды.
Жыйында 2024-жылдын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге баанын төмөндөшү байкалып, дизелдик отунга болгон баа туруктуу болгондугу белгиленди.
Март айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы 0,7 сомго/литрге бир аз кымбаттаганы байкалды, бул Кыргызстанда баалардын өсүшүнө таасир этүүчү объективдүү тышкы факторлорго байланыштуу болууда.
Нефтетрейдерлердин маалыматына караганда, баалар 1-апрелге чейин азыркы деңгээлде сакталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Атактуу кийим марканын икаясы: "Лакосте"

Дүйнөгө таанылган Лакостени Франциялык теннис оюнчусу Рене Лакосте 1920-жылы ойлоп тапты. Ал убакта Европанын бир топ өлкөлөрүндө теннисчилер өздөрүнө ыңгайлуу, жеңил кийим кийишпейт эле. Салт болуп калгандай, оюн талаасына узун шым, узун колдуу көйнөк жана галстук тагынып чыгышкан. Бул абал Рене Лакостени аябай тынчсыздандырган. Ал мындан улам кийим индустриясын куруу […]

Сизге жагышы мүмкүн