Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткандар аныкталды

Автор

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен кыргызстандык У.И.С кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 500 сом айып тагылды.

Салык кызматынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров окуучулар митингге катышкан  окуяны сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды. Жапаров коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн