Акылбек Жапаров окуучулар митингге катышкан  окуяны сынга алды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Жапаров коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана президенттик администрациянын кызматкерлери катышты.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 19-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 57 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  15 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 52 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн