Кытай Тайванга жана жалпы эле анын аймактык бүтүндүгү боюнча компромисске барбайт. Бул тууралуу Кытай дипломатиясынын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин куратору Ван И АКШнын Мамлекеттик департаменттин мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушууда билдирди.
Ван И эки өлкөнүн мамилеси туңгуюкка кептелгенин жана «кыйынчылыктуу учурда» турганын баса белгилеп, Пекин менен Вашингтон кызматташуу менен жаңжалдын бирин тандашы керектигин билдирди.
Дипломат Блинкенге терең ойлонууну жана пикир келишпестиктерди биргелешип чечүү жана стратегиялык күтүлбөгөн жагдайларды болтурбоо үчүн Кытай менен иштешүүнү сунуштады.
Буга чейин Блинкен Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ганг менен жолугушту. Сүйлөшүү 7,5 саатка созулду.
Испания УЕФАнын Улуттар Лигасын биринчи жолу жеңип алды
Шей Июн 20 , 2023
Испаниянын футбол боюнча курама командасы чечүүчү беттеште Хорватия курамасын пенальтиде 5:4 эсебинде утуп, тарыхында биринчи жолу Улуттар Лигасынын наамына ээ болду. Белгилей кетсек, 2022-жылдын декабрь айында Испания курамасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган жаңы устаты Луис де ла Фуэнтенин жетекчилиги астында төртүнчү беттеште кубокту утуп алган. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/7457d6023bf4496ab754e3295fc07b74.jpeg)