Кытайда XIX Азия оюндарынын оту жанды

Автор

Бүгүн, 15-июнда Кытайдын Чжэцзян провинциясынын байыркы Лянчжу шаарында XIX Азия оюндарынын оту жагылды.

XIX Азия оюндары Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт.

Азия оюндары Кытайда үчүнчү жолу өтөт. 1990-жылы мелдеш Пекинде, 2010-жылы Гуанчжоуда өткөн. Азия оюндарын уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, Ханчжоу шаарында өтүүчү XIX Азия оюндарынын спорттук программасына спорттун 40 түрү, 61 дисциплина жана 483 иш-чара киргизилген.

Белгилей кетсек, Ханчжоудагы Азия оюндарына Азия өлкөлөрүнөн 12 миңден ашык спортчу катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртеңден тарта Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт

Эртең, 16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу “Бишкек – Балыкчы” поезди жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, поезд жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттай баштайт. Бишкектен поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:42де келет. Балыкчыдан саат 17:48де жөнөйт, Бишкекке 21:50дө келет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн