Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам жөнөтөт

Автор

Жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинага 5 тонна гуманитардык жардам жеткирилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы директорунун  башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен байланышты.

Сүйлөшүүдө министр кыргызстандыктар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске терең кайгыруу менен көз салып жатканын жана тез аранын ичинде тараптардын согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө бара тургандыгынан үмүттөнүп жатканын баса белгиледи. Андан соң Газа тилкесиндеги жабыр тарткан калкка эң зарыл болуп жаткан гуманитардык жардам тууралуу талкуулашты.

Өз кезегинде палестиналык кесиптеши ыраазычылык билдирүү менен качкындардын лагеринде дары-дармек, суу, тамак-аш тартыш болуп жатканын билдирди. Ал эми министр Бообек Ажикеев бара турган гумжардамды топтоодо айтылгандар эске алынарын айтып, аймакта тез арада тынчтык орношун каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарындагы мыйзамсыз соода жайлары алынууда

Ош шаарындагы мыйзамсыз, келишим эрежелерин сактабаган коомдук тамактануучу жана соода жайлары бузула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда буфердик зонада жайгашкан Green Hоuse кафесин, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдындагы жашыл аймакта жайгашкан “Сансара” кафесин, ошондой эле гүл жана соода-сатык багытындагы түйүндөрүн алып […]

Сизге жагышы мүмкүн