Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын биринчи айымдары опера  театрына барышты

Автор

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова КЭР төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы «Ису» (Шэньси операсы) театрына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган.

Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана кытай музыкалык аспаптарында ойноо. Бул театр Сиянда элдер эң көп барган таанымал маданий жайлардын бири.

Жогорку даражалуу меймандар чоң кызыгуу менен театрдын экспозициясы менен таанышып, куурчак театрынын, ошондой эле балдар бий топторунун чыгармачылыгын көрүштү.

Ошол эле жерде Айгүл Жапарова Кытайдын жана Өзбекстандын биринчи айымдары менен биргеликте Цинь операсынын үзүндүсүн көрдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн  абитуриенттерге республикалык тестирлөө башталат

Бүгүн, 20-майда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Тест төмөндөгү график менен өтөт: I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү); II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү); III этап: 2023-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн