Кыргызстандын футзал боюнча курамасынын башкы машыктыруучу  дайындалды

Автор

Испаниялык адис Луис Бернат Молина Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынын билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жаңы машыктыруучу жана Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков эмгек келишимге кол коюшту.

Улуттук III даражадасындагы футзал боюнча машыктыруучулук лицензиясынын (RFEF) ээси Луис Бернат Молина 46 жашта.

Башкы машыктыруучу кызматындагы иш тажрыйбасы:

 

2015-2016 – «Нант Эрдре» МФК (Франция)

2016-2018 – «Тулон» МФК (Франция)

2018-2019 – Вьетнам жана Таиланд жаштар улуттук курамалары

2019-2022: «Пескадола Мачида» МФК (Жапония)

2022-2023 – «Блювейф Чонбури» МФК (Таиланд)

Белгилей кетсек, команданын мурунку башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары жаңы машыктыруучулар штабынын курамына киришет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте Италия кино күндөрү башталат

Бүгүн Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү “Ала-Тоо” кинотеатрыда көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз. Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында “Даньте” фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына “Сага чуркайм” тасмасы тартууланат (кичи зал). […]

Сизге жагышы мүмкүн