Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан 21-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Аалам сулуусу аныкталды

Сальвадордо 72-эл аралык “Аалам сулуусу” сынагынын финалы өттү. Иш-чара сынактын “YouTube” каналында көрсөтүлдү. Жеңишке никарагуалык 23 жаштагы Шейнис Алондра Паласиос Корнехо ээ болду. Экинчи орунду таиланддык 27 жаштагы Аннтония Порсилд алды. Кийинки жылы “Аалам сулуусу” сынагы Мексикада өтөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн