Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион сомдон ашты

Автор

Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтында атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1 триллион 21 миллиард сомдон ашкандыгын көрүүгө болот.

Буга чейин 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында, биринчи жолу 1 триллион сомдун чегинен өтөөрүн билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

 Элдик курултайга Бишкектен 60 делегат катышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга Бишкек шаарынан 60 делегат катышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен билдиришти. Маалыматка ылайык, делегаттарды шайлоо жергиликтүү жамааттардын жыйындарынын жыйынтыгы менен өттү. Белгилей кетсек, экинчи Элдик курултай 2023-жылдын 15-декабрында Бишкекте өтөт. Ага 700 делегаттын катышуусу күтүлүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн