Кыргызстандын дзюдочулары дүйнө чемпионатына катышат

Автор

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында 19-24-май күндөрү өтө турчу мелдешке 109 өлкөдөн келген 675 спортчу (355 эркектер жана 320 кыз-келиндер) катышары күтүлүүдө. Жалпы 15 медаль топтому ойнотулат.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер:

-Кубанычбек Айбек уулу (66 кг);
-Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг);
-Асад Масабиров (81 кг);
-Эрлан Шеров (90 кг).

Кыз-келиндер

Адина Көчкөнбаева (63 кг).

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча 37-дүйнө чемпионаты Абу-Даби шаарынын “Мудабала Арена” спорттук залында өтөт. Жалпы байге фонду 1 млн евро.

Бөлүшүү:
Next Post

Чет элдик жабыркаган студенттерге кенемте төлөп берүү каралууда

Жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18 жогорку окуу жайдын (ЖОЖ) ректорлору менен болгон жыйында айтылды. Жолугушууда борбор калаадагы чет элдик студенттер жашаган жатаканада болгон окуя жана окуу процессин калыбына келтирүү, ошондой эле республиканын билим берүү жайларынын чет […]

Сизге жагышы мүмкүн