Кыргызстандык эки футболчу УЕФАнын конференция лигасында ойношот

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын эки оюнчусу Алимардон Шүкүров менен Гүлжигит Алыкулов Беларустун вице-чемпиондору болушту.

Гродно шаарынын «Неман» командасы 2-орунду камсыздап, Жогорку Лига аяктаганга чейин күмүш медаль тагынды.

Келерки сезондо команда УЕФАнын Конференция Лигасында ойнойт, анда тандоо раундунан башталат.

2023-жылы Шукуров Конференц-Лиганын тандоо турунда Неман менен 6 оюн өткөрүп, анда 2 гол киргизген.

Ал эми Алыкулов 2023-жылы  Немандын курамында Конференц-Лиганын квалификациясында  ойногон, ошондой эле Алматынын «Кайратынын» курамында Конференц-Лигада 8 оюн өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев Тажикстанга учуп кетти

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жумушчу сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу “Регион” телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды. “Күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кайрадан аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеп, бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылган. Чек ара маселеси чечилмейинче эч кандай чек ара […]

Сизге жагышы мүмкүн