Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 22 медаль утту

Автор

Кыргызстандык окуучулар Түркиянын Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасында 22 медаль утту. Анын алтоо алтын, 9 – күмүш жана 7 – коло. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык. окуучулар химия, биология, математика, англис, түрк жана орус тилдери, ошондой эле көркөм сүрөт өнөрү боюнча алдыңкы орундарды багындырышкан. Алар “Илим – Нур” окуу-тарбия комплексинин командасы.

Алтын медалга ээ болгондор:

Асель Курбанбек кызы (химия, математика, түрк тили);

Арууке Абылкасымова (көркөм сүрөт өнөрү);

Арууке Турусбекова (биология);

Радия Нусуретова (биология).

Күмүш медалга ээ болгондор:

Асель Курбанбек кызы (англис тили, биология);

Исмаил Маратов (математика, англис тили);

Айдина Толонбаева (химия);

Арууке Баширова (көркөм сүрөт өнөрү);

Зайнаб Альчибекова (биология);

Радия Нусуретова (химия);

Раяна Асылбек (англис тили).

Коло медаль ээлери

 

Агиля Алиева (биология);

Аманжан Сансызбеков (география);

Арууке Турусбекова (химия);

Зайнаб Альчибекова (англис тили);

Исмаил Маратов (орус тили);

Нуршаш Ертаева (биология);

Раяна Асылбек (орус тили).

Окуучулар жана студенттер үчүн эл аралык олимпиада 2023-жылдын 29-октябрынан 4-ноябрына чейинки аралыкта өткөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылар үчүн жайкы кемсел тигүүчүлөр ортосунда (физикалык жана юридикалык жактар) конкурс жарыялады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 13-ноябрынан 29-ноябры, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн кеч берилген арыздар каралбайт. Ал эми конкурс 5-декабрда өтөт. Тигүүчүлөргө коюлган талаптар: 1.Ажылыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн