Кыргызстандык грек-римчилер (U-20) эл аралык мелдеште төрт медаль утту

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште бир күмүш, үч коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш Казакстандын Астана шаарында 11-13-март күндөрү өткөн.
Байгелүү орунга илингендер:
Кубаныч Арынов (60 кг) — күмүш;
Куттубек Абдуразаков (60 кг) — коло;
Ырыскелди Хамзаев (72 кг) — коло;
Бахрам Курбанов (97 кг) — коло медаль.
Курама команда машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, […]

Сизге жагышы мүмкүн