Кыргызстанда «Социалдык ипотека» жаңы багыты киргизилет

Автор

Кыргызстанда “Социалдык ипотека” жаңы багыты киргизилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылдык үстөгү 4 пайыздык ипотекалык кредитти бир гана бюджеттик тармактагы адамдар эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.

Беш же андан көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же майып адамды баккандар, толук эмес үй-бүлөлөр, айылда иштеген жаш адистер ипотекалык кредитке кезекке турса болот.

Турак-жай банктардын катышуусу жок, ижарага алып, андан ары сатып алуу шарты менен берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты (U-20) Аргентинада өтөт

Аргентина 2023-жылы 20 жашка чейинкилер арасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өз футбол талаасында өткөрөт. Бул тууралуу ФИФАнын басма сөз кызматы билдирди. Алгач турнир Индонезияда өтүшү керек болчу, бирок бул өлкөнүн өкмөтү саясий себептерден улам Израилдин курама командасына катышуу укугунан ажыраткандан кийин ФИФА дүйнөлүк чемпионатты башка жакка жылдырууну чечкен. Жыйынтыгында Аргентина […]

Сизге жагышы мүмкүн