

Кыргызстанда каза болгондордун 52 пайызын жүрөк оорулуулар түзөт. Мындай маалымат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун зыярат кылган учурунда белгилүү болду.
5 жыл ичинде бул көрсөткүчтү 25 пайызга түшүрүүнү пландап жатышат. Бул багытта атайын программа кабыл алынган.