Тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүүгө 500 сом бөлүнөт

Автор

Кыргызстанда 5 жылдын ичинде тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоого 500 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, каржылоо республикалык бюджеттен, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын колдоосу аркылуу ишке ашат.

«Бизде 2400дөй тарыхый-маданий объект бар. Аларды изилдеп, калыбына келтирип, жайылтуу керек. Министрлик тарабынан программа иштелип чыккан, ага ылайык эстеликтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн 5 жылдын ичинде калыбына келтирүүгө 500 млн сом бөлүнөт»,  — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Жылмаюуну үйрөткөн курстар популярдуу болууда

Жылмаюу курстары Японияда популярдуу болууда. Айрым тургундар коомдук жайларда үч жыл тынымсыз беткап кийгенден кийин кантип туура жылмайууну  унутуп калышканын моюнга алышат. Курстарда адамдарга беттин ар кандай бөлүктөрүн, жада калса моюндун булчуңдарын сунууга жана ийүүгө үйрөтүшөт. Идеянын авторлору акыркы айларда курстарга төрт миңден ашуун адам катышканын gaziantep escort bayan белгилешет. […]

Сизге жагышы мүмкүн