Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) өсүүсү камсыздалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымына караганда, ИДП алдын-ала баалоо боюнча, январь-февралда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6% жогорулоо менен 155,5 млрд сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү (27,1%), кызмат көрсөтүү тармактары (50,2%) жана продукттарга болгон салыктар (22,7%) тарабынан камсыздалды.
6 жылдан бери табылбай жаткан учак
Шар Мар 13 , 2024
224 жүргүнчү ташыган Малайзия авиа компаниясына таандык учак 6 жылдан бери дайынсыз. Ал 2018-жылы 8-мартта Пекин шаарын көздөй жол алган. Учак Индия океанында баратып, 38-мүнөттөн кийин мунара менен байланышын жоготкон. Тактап айтканда, Пенанг жарым аралына бурулган учурда радардан чыккан. Ошол күндөн бери бир да жолу учактан да, жүргүнчүлөрдөн да кабар […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/0d53cc89-8d10-4326-918b-f2401c08b2e2-1024x584.jpg)