reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Son Güncelleme :

20 апреля 2023 - 15:32

reklam
Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды
reklam

«Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу» ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңештин тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган. Макулдашууну ратификациялоо КРнын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет.

reklam