Кызамык менен ооругандардын саны 8 миңге жакындады

Автор

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны акыркы маалыматтар боюнча, 7 миң 864 учурга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан кабарлашты.
Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды.
Кызамык оорусу эң көп Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионатында Тайырбек Жумашбек уулу финалга чыкты

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышууда. Алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан. Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи 11:7 эсебинде […]

Сизге жагышы мүмкүн