Курултайчылар төрагасына нааразы

Wp Pw

Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев Минск шаарына барып, бозгундагы экс-президент Курманбек Бакиевден маек алгандан бери коомчулукта нааразычылыктар күчөдү. Кечээ, Таластан келген Курултайчылар жыйын куруп, төрагасы Кадыр Кошалиевди да чакырышкан. Ал жерде өйдө-ылдый сөздөр айтылгандан кийин төрагасын кызматтан кетиңиз дешти. “Ал 30 жылга соттолгон адам. Курултай институту боюнча суроо сурап жатат. Бизге анын эч кандай кеңешиңин кереги жок. Кадыр Кошалиев жалпы кыргыз элинен шайланган төрага. Жакшынакай болуп, төрагалыгын тапшырып беришин суранабыз”,- деп билдиришти.

Next Post

Сапатсыз курулуштардын жоопкерчилиги каралат

Эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев баш болгон 4 депутат сапатсыз курулуштардын алдын алуу жана аларды көзөмөлдөгөн органдардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташты. Эми мыйзам кабыл алынып калса, ушул мыйзам аркылуу сапатсыз курулуштарды ээлерине тапшыруу жана кабыл алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү каралат. Мындай демилге сапатсыз курулуштардын көбөйүп, адам өмүрүнө кириптер […]