Курманбек Бакиев камакка алынат

Автор

“Курманбек Бакиевди алып келели деген оюбуз жок”,- деди Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.
“Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими менен 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат.
Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек» , — деп жооп берди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Орхан Инандыга 2 жыл

  2021-жылы 31-майдан 1-июнга караган түнү качырылган Орхан Инандынын камакта жатканына толук 2 жыл болду. Ал Түрк коопсуздук кызматтары тарабынан качырылып, Анкара шаарындагы Синжан түрмөсүнө киргизилген. Ага тагылган айыптар далилденбей, 2 жылдан бери соттук отурумдары жылдырылып келет. Орхан Инанды 1995-жылдан бери Кыргызстанда жашап, кыргыз атуулдугуна ээ болгон. Ал негиздеген “Сапат” […]

Сизге жагышы мүмкүн