Криштиану Роналду спорттук карьерасын аяктоону чечти

Автор

Сауд Аравиянын “Аль-Наср” жана Португалия футбол курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду  спорттук карьерасын качан таштоону пландап жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салышты.

“Карьерамдын эки-үч жылы калды, ушул куракта өзүмө кам көрүү андан да маанилүү. Мен футболдук команда сатып аларымды жокко чыгарбайм. Футболдук карьерамдан кийин ушундай кылгым келет”, – дейт Роналду.

Белгилей кетсек, Роналду “Аль Наср” клубунда 2023-жылдан бери ойноп келет. Чабуулчунун клуб менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн. Сауд Аравиясынын чемпионатынын алкагында португалиялыктар 16 беттешке катышып, 14 гол киргизип, 2 пас берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Аномалдуу аптап, кургакчылыктан улам түлөө өткөрүштү

Казакстандын Павлодар облусунда 7-июнда тургундар жамгыр чакырып, түлөө өткөрүштү. Жамааттык намазга облустун бардык аймактарынан имамдар чогулуп, аларга 500дөн ашуун дин өкүлдөрү катышты. Бир жумадан бери күн ысып, термометрлер +36 градусту көрсөтүп, нормадан 11 градуска жогору болуп жатат. Мындай кургакчыл жыл жергиликтүү тургундардын эсинде жок. Акыркы жолу өткөн айда жамгыр жааган. […]

Сизге жагышы мүмкүн