reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2363 % % 0.1
EURO 28,8450 % % -0.02
GRAM ALTIN 1.674,70 % % -0,10
ÇEYREK A. 2.738,13 % % -0,10
BITCOIN 720.001 % 0.573
Соңку кабар
reklam
Google News

Криштиану Роналду дүйнөлүк рекордду жаңылады

Son Güncelleme :

24 марта 2023 - 10:55

reklam
Криштиану Роналду дүйнөлүк рекордду жаңылады
reklam

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду улуттук курама команда үчүн расмий оюндарда эң көп гол киргизген футболчу болуп калды.

37 жаштагы чабуулчу “Евро-2024”  тандоо турунда Лихтенштейн менен болгон беттеште (4:0) дубль жасаган. Анын айып соккусунан киргизген экинчи голу ага эл аралык деңгээлдеги расмий оюндарда 100 гол киргизген биринчи футболчу болууга мүмкүндүк берди.

Атактуу футболчу  «Алтын топ»  сыйлыгынын беш жолку ээси, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону, Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү. Португалиялык футболчу улуттук командалардын, Европа чемпионаттарынын, Чемпиондор Лигасынын, Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жана Реал Мадриддин тарыхында эң мыкты бомбардири болуп саналат.

Футболчу карьерасында англиялык “Манчестер Юнайтед”, португалиялык “Спортинг”, испаниялык “Реал Мадрид” жана италиялык “Ювентус” клубдарында ойногон. 2022-жылдын декабрынан бери Роналду Сауд Аравиянын «Аль-Наср» клубунда ойноп келет.

reklam