Кремль Пашиняндын баш тартканына жооп кайтарды

Автор

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 23-ноябрга Минскиде өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышпайт деген маалыматка комментарий берди.
“Эгер чындап эле ушундай болсо, анда биз өкүнүчүбүздү билдире алабыз”,- деди ал журналисттерге.
Ошол эле учурда Песков “ар бир өкмөт башчынын же мамлекет башчысынын иш тартибинде өзүнүн окуялары, өзүнүн жагдайы болушу мүмкүн” экенин түшүндү.
Буга чейин Пашинян Беларусь президенти Александр Лукашенкого жыйынга катыша албасын билдирип, ЖККУнун өнөктөштөрү анын чечимине түшүнүү менен мамиле кылат деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын футзал боюнча курамасынын башкы машыктыруучу  дайындалды

Испаниялык адис Луис Бернат Молина Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынын билдиришти. Маалыматка ылайык,  жаңы машыктыруучу жана Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков эмгек келишимге кол коюшту. Улуттук III даражадасындагы футзал боюнча машыктыруучулук лицензиясынын (RFEF) ээси Луис Бернат Молина 46 жашта. […]

Сизге жагышы мүмкүн