Коргоо министри Украинага 1,3 миллиард евролук жардам жарыялады

Автор

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага 1,3 миллиард евро өлчөмүндөгү аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялаганын немис басылмасы Куриер билдирди.  Анда төрт Iris T-SLM зениттик-ракеталык комплекси, артиллериялык ок-дарылар камтылган.
Писториус украиналык кесиптеши Рустэм Умеров жана президент Владимир Зеленский менен Киевде жолугушууда жаңы аскердик жардам пакетин билдирди.
Россиянын Украинадагы аскерий операциялары башталгандан бери Германияга аскердик, гуманитардык жана каржылык жардамдын көлөмү 22 миллиард еврону түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Израилдин президенти барымтадагылар боюнча келишимди кубаттады

Израилдин президенти Ицхак Герцог палестиналык ХАМАС кыймылы менен барымтадагыларды бошотуу жана ок атышпоо келишиминин түзүлүшүн кубаттады. Бул келишим израилдик баалуулуктарын туура чагылдырган моралдык жана этикалык милдет жана бул бардык туткундардын мекенине кайтып келиши үчүн маанилүү биринчи кадам болорун айтты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн