ККМ чыры. Ишкерлер өкмөткө нааразы

Автор

Жергиликтүү аймактын милиция кызматкерлери жеке ишкерлерди ККМ боюнча пикет – митингдерге чыкпоого үндөп жүрүшөбү? Кечээ белгилүү жактоочу Канат Хасанов өзүнүн түз байланышында “Ош областынын начальниги бүт базарлардагы ижарачылар менен болгон келишимдерди кайрадан карап чыгуу боюнча жазып жатат. Эгер кимде ким ККМ боюнча митингдерге чыкса, келишимин токтотулаарын эскерткен”, – деген ал. “Дордойдун” кожоюну Аскар Салымбековго да кайрылып, “Дордой” ассоциациясынын базарда соода – сатык менен алектенгендерди ККМ боюнча каршылык акциясына чыкпоого үндөгөн буйругу чыкты. Эгер митингге чыксаңар, бул мамлекетти басып алууга жасалган аракет катары бааланат дептир. Эл баарын көрүп, туюп турат, кийин соңку ошол эле базарда отургандар силерге чаң-тополоң салышы мүмкүн”, – деп эскерткен. Өкмөттүн ККМ боюнча талабын четке каккан ишкерлер чөйрөсү байма-бай нааразычылык акцияларын өткөрүп келишет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз айымдарынын кадырын көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашымова Бириккен улуттар уюмунун трибунасында англис тилинде сөз сүйлөп, кыргыз айымдарынын билимдүү экендигин дүйнө жүзүнө тастыктады. Ал “Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги бар экендиги жөнүндө;   – Жоолукчан айымдарга карата жасалган дискриминацияларды жоюу жолдору жана айымдарды IT, илим, технология жаатына алып келүү жолдору жөнүндө;   – Мектептерде […]

Сизге жагышы мүмкүн