reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Килиан Мбаппе «Пари Сен-Жермен» клубунан кетет

Son Güncelleme :

14 июня 2023 - 11:11

reklam
Килиан Мбаппе «Пари Сен-Жермен» клубунан кетет
reklam

Франция курама командасынын  жана «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе күтүүсүз бурулуш жасады.  Атактуу футболчу  жетекчиликке келишимди 2024-жылы узартпай турганын айткан. Клуб болсо  аны тез арада сатууну көздөп жаткандыгын чет элдик спорттук басылмалар жазууда.

Британиялык “The Telegraph” булагына караганда, париждик клуб буга чейин 24 жаштагы чабуулчуну трансфер рыногуна чыгарган. ПСЖнын араб ээлери франциялык үчүн жок дегенде бир сумманы алууну көздөшүүдө, анткени кийинки жайдан тарта ал эркин агентке айланат.

Футболчунун өзү клубга эч кандай шартта келишимди узартуу  боюнча сөз болбой тургандыгын  айткан. Ошол эле маалда адистердин айтымында, «ПСЖ»  атактуу чабуулчуну «Реал Мадридге» барбашы үчүн колдон келгендин баарын жасоону каалайт.

reklam