Касым-Жомарт Токаев Кыргыз эли жөнүндө жылуу пикирин билдирди

Автор

“Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казак менен Кыргыздын достугу тууралуу ой-пикирин билдирди. Чынында, биз тамырлаш да, тагдырлаш да, бир тууган элбиз”,- деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарындагы интеллигенция менен жолугушуу учурунда.

” Кыйынчылыкты бирге жеңип, жакшылыкта бирге сүйүнүп жашап келебиз. Улуу Абай “эч бир казак Кыргыз менен Казактын тукумдаш экендигин талашпайт” деген. Муктар Ауэзов болсо, Манас дастанын идеологиянын курунан куткарууга өзгөчө эмгек сиңирген. Молдо Кылыч менен Чыңгыз Айтматовго өз боорундай араачы болгон. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы окуялар жана кейипкерлер Казак жери менен тыгыз байланыштуу. Андыктан, Ала-Тоонун этегинде эгиз калк келечекке бирге басат”,- деди Казак президенти.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент эки чиновникти мактап, бирөөнү жемеледи

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айрым аткаминерлерди  мактап, кээ бирин кызматтан кетирүүнү сунуштады. “Өкмөттүн үстүңкү катмарлары Бакыт Төрөбаев, Айбек Жунушалиев дегендерди жакшы койгонсуңар. Ылдый жактагылары бүт эле баткак болуп жатат. Ошолорду иргеп, элге кызмат кылганын койсоңор болот эле”,- деди. “Мына Глобалдык Фонддон 29 млн доллар келсе, сиздин орун басарыңыз Эдил […]

Сизге жагышы мүмкүн