Кан тамырларды тазалоонун  ыкмалары

Автор

Кан тамырларды тазалоо үчүн сиз үчүн эӊ сонун жана ыңгайлуу ыкмаларды сунуштайбыз.

Артерияны жана кан тамырларды туздардан тазалап, биз аларды ийкемдүүлүккө жана жаш болуп сакталуусуна алып келебиз. Тазалоонун жыйынтыктары кан тамыр ооруларын жана варикоз тамырларын жоготууга, көрүү менен угууну жакшыртууга , баш ооруларын жана склерозду  жоготууга жардам берип, инфаркттын алдын алат. Ичеги-карын трактын, өпкөнүн, бронханы , мурун көӊдөйүнүн кээ бир бөлүктөрүнүн абалын жакшыртат.

1-рецепт:  Кургатылган майдаланган ромашка гүлүнөн, кайыӊ бүчүрлөрүнөн, бессмертник жана зверобойдон 120 граммдан алып аралаштыруу керек. 1 чоӊ кашык аралашмага 0,5л кайнак суу куюп 3,5 саатка коебуз. Бул аралашманы тундуруп алып , жарымына 1 кашык бал кошуп, кечинде тамак ичер алдында ичүү керек. Эртеӊ менен калган аралашманы жылытып , бал кошуп, тамак ичер алдында ичүү керек. Бул процедураны чөптөрдүн аралашмасы түгөнгүчө кайталоо керек. Аны 5 жылда бир кайталоо керек.

2-рецепт: Стакан укроп үрөнү менен 2 чоӊ кашык майдаланган валерьянанын тамыры жана ошондой эле 2 стакан бал кошуп аралаштырабыз. 2 литр кайнак суу куюп, термоско сактайбыз. Күнүнө 1 чоӊ кашыктан 3 маал, тамак ичер алдында ичүү керек.

3-рецепт:  Агримония жана киви ширеси кан тамырларды тазалоодо эӊ жакшы жардам берет.

Тромбофлебитте жана варикоз кан тамырлары кеӊейип кеткенде , агримония өсүмдүгүнүн үрөнүн 6 даанадан жеш керек.

4-рецепт:  Медуница өсүмдүгүнүн кургатылган майдаланганынан 1 чоӊ кашык алып, анын үстүнө 1 стакан кайнак суу куябыз. 40 мүнөт тундурабыз дагы, күнүнө 3 чоӊ кашыктан ичебиз.

5-рецепт: 200 гр мускат жаӊгагын мясорубкадан майдалап өткөрөбүз. Литр сапаттуу арактан куябыз. 2 жума коюп, тундуруп алабыз. 20 тамчы аралашмага 1/3 өлчөмдө суу кошуп ичебиз.

6-рецепт:  Ит мурундун мөмөсүнөн 5 даанна , чалкандын жалбырагынын 2 бөлүгүн, кара карагаттын жалбырагынан 2 бөлүгүн , бүлдүркөн жалбырагынан 1 бөлүгүн кмайдалап аралаштырабыз  2 чоӊ кашык кургатылган аралашманы 0,5 литр кайнак сууга салып, термоско сактайбыз. 4 саат кармап, чыпкалап алабыз. 1 стакан тундурмага 2 кашык бал кошобуз. 1 күндө 2 стакандан ичебиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округу боюнча депутаттык шайлоого үгүт иштери башталды

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майда башталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, үгүт иштери 27-майда саат 08:00дө аяктайт. Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат: Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, […]

Сизге жагышы мүмкүн