Кандай учурда ата-энеден үй-мүлк мурасталышы мүмкүн?

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Жарандык кодекске өзгөртүү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте ата-энесинен калган мурасты бөлүштүрүүнүн жол жобосун жөнгө салуу каралат. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда мүлктү бөлүштүрүүдө туугандардын ортосундагы чыр-чатактар көп кездешүүдө.
“Мисалга алсак төрт бир тууган, бирок алар эмес, алардын аялдары соттошкон учурлар болгон. Азыр интеллигенциянын балдарынын мурас үчүн чатагы дагы сотко жетип жатат”, – дейт Марлен Маматалиев.
Мыйзам долбоору боюнча мындан ары ата-энесин кеминде 5 жыл караган бала гана үй-мүлккө ээ боло алат. Бул талап ал баланын үй-бүлөдө кичүү-улуулугуна карабайт.
Белгилеп кетсек, Жарандык кодекстин азыркы редакциясында мүлк бир туугандарга тең бөлүнөрү айтылат. Бирок адатта үй-мүлк көбүнчө ата-энеси менен чогуу жашаган кичүү уулуна калтырат.
Ата-энесин улгайган жашында камкордугуна албаса же карылар үйүнө өткөрүп берсе, анда мүлктөн айрылат. Айтмакчы, мыйзам боюнча адам өмүрүнө кол салган же өлтүргөн жаран дагы мураскорлордун катарынан чыгат.

Бөлүшүү:
Next Post

Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу көбөйтүлдү

Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген көбөйтүлгөн жөлөк пулду 2024-жылдын 5-февралынан тартып ала башташат. “Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча […]

Сизге жагышы мүмкүн