Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге батир белек кылды

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, материалдык жактан оор абалда жашы жете элек сегиз баласын жалгыз тарбиялап жаткан КР жараны А.Бакалова буга чейин Камчыбек Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган. Анткени, көп балалуу үй-бүлөнүн үй-жайы жок болгондуктан, көп жылдар боюу турмуштук кыйынчылыктарды башынан кечирип келген.
Мындан улам Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен көп балалуу үй-бүлөгө Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен, бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырылды.
Өз кезегинде Бакалова аталган батирдин ачкычы үй-бүлөсүнө балдарды коргоо күнүнүн алдында тапшырылганына өзгөчө токтолду. Буга байланыштуу УКМК төрагасына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда чек арачыларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу чек арачылар жана чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү Чек арачылар күнү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси […]

Сизге жагышы мүмкүн