Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда аскер бөлүгүн зыярат кылып, чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды.
Белгилүү болгондой, 3 жылдан бери чек арачылардын айлык маянасы 5 эсеге көбөйгөн.
УКМК төрагасы чек арачылардан айлык акыларын сураганда, алар 75 миң сом колго алышаарын айткан. Ал эми башка жоокер пенсиясын кошкондо колуна 82 миң сом тийээрин белгилеген. Төрага ошондой эле жоокерлердин жаткан жайын, ашканасын жана казармандын абалы менен жакындан таанышып кайтты.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: Баасы 1 млрд сомдон ашык жер аянты мамлекетке кайтарылды

Бишкекте баасы 1 млрд сомдон кымбат болгон 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң, жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын […]

Сизге жагышы мүмкүн