

«Башкы прокурордун кабылдамасында кире албай 3 саат кайсы депутат күткөнүн билебиз. Калп эле коркпогон киши болуп көрүнө бербегилечи»,- деди депутат Шайлообек Атазов Адилет министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда. Аталган депутат мыйзам долбоорун артка кайтаруу демилгесин көтөрүп, «прокуратура коркутуп, үркүтө берсе эле кабыл алып беребизби»,-деген эле. Сөз алган депутат Эмил Жамгырчиев «эч ким коркпойт, бул долбоор комитетте талкууланган»,- деп каяша айтты.
Коомчулукта башкы көзөмөл органдын кабылдамасында Эмил Жамгырчиев отурду беле деген бүдөмүк ой пайда болду.