Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 237 ардагери калды. 9-майда бардыгына 3,2 миң доллар берилет.
“Учурда Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 237 ардагери жашайт. 9-майга чейин алардын ар бирине 1,5 миллион теңге (3,2 миң доллар) төлөнөт”,-деп билдирди Эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дүйсенова.
2021-жылы Казакстанда 665 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жашаса, 2022-жылы 387 адам бар. Былтыр 9-майга карата аларга кеминде 1 миллион теңге (2191 доллар) төлөнүп берилген.
Бишкекте гиря спорту боюнча Азия чемпионаты өтөт
Бей Апр 27 , 2023
Бишкекте гиря спорту боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендик бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов билдирди. Анын айтымында, спорттук иш-чара 4-8-майда “Газпром” комплексинде болот. “23 жашка чейинки эркектер арасында, чоңдор арасында Азия чемпионаты өтсө, 16-18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана ардагерлер арасында Азия […]
