Исманкуловдун клиникасы №6 оорукананын имаратынан чыгарылды

Автор

Бишкек шаарындагы Жантөшев көчөсү, 117 дарегинде жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун «Көз микрохирургия» жеке клиникасы кызматкерлери менен бирге №6 шаардык оорукананын имаратынан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим муниципалдык менчик боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.

Клиникага вице-мэр Нурдан Орунтаев барып бошотушун талап кылган. Жетекчилиги келишимдин мөөнөтү бүтө электигин айткан. Алар ижара келишимин токтотуу чечимин клиниканын кызматкерлерине тапшырып, клиниканын бардык эмеректерин сыртка чыгарышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Махмуд Кашкари атындагы адабий сынак жарыяланды

Дүйнөлүк кадыр-барктуу аалым Махмуд Кашкари Барскоони атындагы адабий сынак жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Евразия жазуучулар союзунун сайтында айтылды. Маалыматка ылайык, сынакка бардык жазуучулар, каалоочулар кыска аңгемелери менен катыша алат. Аңгеме сынака катышуучунун өз эне тилинде жазылат. Адабий сынактын шарттары менен  төмөндө кеңири таанышып алыңыз: Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн