reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3769 % % 0.5
EURO 25,4404 % % 1.88
GRAM ALTIN 1.477,84 % % 1,85
ÇEYREK A. 2.416,26 % % 1,85
BITCOIN 629.552 % 1.028
Соңку кабар
reklam
Google News

Ирандын президенти Израилди коркутту

Son Güncelleme :

19 апреля 2023 - 12:06

reklam
Ирандын президенти Израилди коркутту
reklam

Ирандын президенти Эбрахим Раиси өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата кайрылуусунда Израилди Тегеранга каршы багытталган кандайдыр бир аракеттерге “катуу жооп” берерин эскертти.
«Өлкөгө (Иранга) каршы жасалган ар кандай иш-аракеттер куралдуу күчтөрдүн катаал реакциясын жаратат. Хайфа менен Тель-Авивди талкалоо менен коштолот»,-деди президент.
Мындан тышкары, Ирандын президенти АКШдан Жакынкы Чыгыш аймагынан чыгып кетүүнү талап кылды.
Белгиленгендей, Раисинин билдирүүлөрү Израиль Холокостту эскерүү күнүн белгилеп жаткан 18-апрелде, премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сөзүнөн кийин жасалган. Ал Иерусалимде Холокосттун курмандыктарын эскерүү аземинде «Ислам Республикасын нацисттик Германиянын заманбап эквиваленти»,-деп атаган.

 

reklam