reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2363 % % 0.1
EURO 28,8450 % % -0.02
GRAM ALTIN 1.674,70 % % -0,10
ÇEYREK A. 2.738,13 % % -0,10
BITCOIN 720.001 % 0.573
Соңку кабар
reklam
Google News

Иранда аялдарга  футбол көрүүгө  уруксат берилди

Son Güncelleme :

04 июля 2023 - 10:22

reklam
Иранда аялдарга  футбол көрүүгө  уруксат берилди
reklam

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеши 44 жылдан бери биринчи жолу аялдарга эркектер арасындагы футбол беттештерине көрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу ISNA агенттиги кабарлады.

Ирандын футбол федерациясынын башчысы Мехди Таж: «Муну кантип ишке ашырууну чечүү үчүн жумушчу топ түзүлдү», — деди. Ал өлкөдө аялдардын спортуна арналган радио да түзүлөт деп айтты.

Адегенде кыз — келиндерди  өлкөнүн түрдүү провинцияларындагы төрт аренага кабыл алынат: Сиржан шаарындагы  “Гол Гухар”, Исфахандагы “Накш-е Жахан”  жана Фулад Шехр . Тегерандагы «Азади» стадиону да жакында даярдалат.

Белгилей кетсек, 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин аялдарга эркектер катышкан оюндарга барууга тыюу салынган. Кээ бир учурларда аларды бейрасмий түрдө стадиондорго киргизип коюшкан, мисалы, 23-марттагы Орусия менен Ирандын жолдоштук беттешине (1:1) кыз келиндер көрүүгө келишкен.

reklam