Илон Маск Израилге келди

Автор

Америкалык ишкер Илон Маск Израилге келди. Ал Тель-Авивге жеке учак менен учкан.
Маск буга чейин премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолугуп, Израилдин президенти Исхак Герцог жана согуш кабинетинин министри Бенни Ганц менен сүйлөшүүнү пландап жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Сапардын алкагында Газа тилкесинде барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү менен «жабык эшик артында талкуу» болуп, «антисемитизмди ооздуктоо зарылчылыгы» маселеси да талкууланары белгиленген.
Израилдин бийликтери ошондой эле Маск менен Starlink спутниктик байланыш түйүнүн аскерлер тарабынан пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымат каражаттары жазды.
Ишкер буга чейин Газа тилкесиндеги жардам уюмдарына спутниктерди бере аларын айткан. Бул Израилдин расмий өкүлдөрүнүн сынына кабылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 28-ноябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.8 сомдон  болсо, сатуу  89.35 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.85 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн