Израил Палестинанын Батыш жээгиндеги шаарларга чабуул жасады

Автор

Израилдин коргонуу күчтөрү Иордан дарыясынын батыш жээгинде рейд жүргүзүп жатканын Катардын “Al Jazeera” телеканалы билдирди.
Женин, Калькилья жана Хеброн шаарларын басып алууда.  Операциялар Наблус жана Салфиттин айланасындагы калктуу аймактарда да жүргүзүлүүдө.
Шаарларда аскердик унаалар байкалып, камакка алуулар жүрүп жатат.
Газа тилкесинде ХАМАС менен согуш башталгандан бери Израил бат-баттан Батыш Шериада түнкү рейддерди өткөрүп, көптөгөн палестиналыктарды камакка алган.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: Опера жана балет театрынын директору кармалды

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, опера жана балек театрынын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин […]

Сизге жагышы мүмкүн