Украин бийлиги Владимир Зеленский менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусун уюштурууну каалайт.
«Биз аны бул жерден көрүүгө даярбыз. Мен аны менен сүйлөшкүм келет. Мен аны менен кеңири масштабдагы согуштун алдында сүйлөштүм. Бирок бир жылдан ашык убакыт бою байланышпай калдык»,-деди Зеленский.
Ал ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста тактикалык өзөктүк курал сактоочу жайды жайгаштыруу чечими тууралуу билдирүүсү Си Цзиньпиндин Москвага болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен байланыштырууну сунуштады.
Чет элдиктерге жасалма диплом бергендер кармалды
Шар Мар 29 , 2023
ЖАМУнун медицина факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/ad28fb1523039f6f03dc83ed5f93b6b7.jpg)