

Украинанын президенти Владимир Зеленский «Чоң жетиликтин» Хиросимадагы саммитинде Россия Артемовск (Бахмут) шаарын көзөмөлгө алганын ырастады.
«Бүгүн Бахмут биздин жүрөгүбүздө гана. Бул жерде эч нерсе жок»,-деди Зеленский шаар украин армиясынын колунда калабы деген суроого жооп берип жатып.
«Вагнер» аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин айтымында шаарды 25-майга чейин текшерип, коргонуу линияларын түзүшөт, андан кийин аны башкарууну аскерлерге өткөрүп беришет.