

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-апрель айларында 26 миң 155 жаранга пенсия чектеди.
Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинде апрель айында 4 миң 601 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 109 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.