Жыйында жаңжал чыкты

Автор

Депутаттык комиссиянын “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” жыйынында депутат Шайлообек Атазов комиссиянын орун басары Нилуфар Алимжановага сөз бергенде Кесиптик бирликтин төрагасы Эмил Кызаев “сиз кимсиз, кайсы уюмдансыз” дегенде жаңжал чыкты. Депутат Нилуфар Алимжанова “сиз эмне көңүл бурбай отурасыз же, жаш деп мени кемсинтип атасызбы? Өзү сиз эмне иш кыласыз”, -деп какты. Эмил Кызаев жооп берейин деди эле депутаттар сүйлөтпөй коюшту. Депутат Алишер Эрбаев болсо, кызмат ордун кароо боюнча президентке сунуш берүү демилгесин көтөрүп, “силер бардык обьектилерди сатып жепсиңер”, –  деп урушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Туйгуналы Абдраимов Профсоюздар уюмунун жерлерин сатып алган

Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгуналы Абдраимовго Профсоюздар Федерациясынын жери сатылып кеткен. Бул боюнча депутат Шайлообек Атазов бүгүнкү “Кесиптик бирликтер жөнүндө” КР Мыйзамынын аткарылышын иликтөө максатында түзүлгөн  депутаттык комиссиянын жыйында билдирди. Федерациянын башка жерлери да сатылып кеткен учурлары бар экендиги айтылды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн