reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Иш үстүндө ичимдик ичкендер иштен айдалды

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 15:15

reklam
Иш үстүндө ичимдик ичкендер иштен айдалды
reklam

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу  мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын төмөнкү кызматтарды ээлеген кызматкерлери иштен бошотулду:

— Инженер-энергетик;

— Пландык-экономикалык бөлүмдүн башчысы;

— Башкы бухгалтер;

— Диспетчер.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда видео тарап, анда  белгисиз аял күйөөсүнүн жумушуна келип,  жаңжал чыгаргандыгын көрүүгө болот. Ошону менен бирге видеодо  кызматкерлер  жумуш ордунда ичимдик ичип отургандыгы көрүнүп турат.

reklam