Актөбө облусунда катаал аба ырайынан улам жолдо калган жүргүнчүлөр жылуулук түйүндөрүнө жайгаштырылды.
7-февралдан бүгүнкү күнгө чейин жолдордо 912 адам эвакуацияланды. Алардын 602си чет элдик жарандар, 31и балдар.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул эле мезгилде 161 адам куткарылганын, анын ичинен 17 бала, 7 кош бойлуу аял, 6 чет элдик жарандар экенин билдирди.
Авариялык-куткаруу иштерине 290 адам жана 102 техника тартылган.
Жылуулук борборуна жайгаштырылган 938 адам тамак-аш менен камсыздалды.
Кыргызстандык боксчу эл аралык мелдеште алтын утту
Дүй Фев 12 , 2024
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев Болгарияда өткөн “Странджа Кубогу-2024” эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Болгариянын София шаарында өткөн биринчиликте спортчу 48 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/02/img_0552.730x0.jpeg)